Көпчүлүк аймактарга кар түшөт. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетип, жолдор тайгак жана тоңголок болот.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, апта ичинде өлкөнүн көпчүлүк аймагына кар түшөт.

9-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунун тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт.

Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жылый баштайбы? Февралга карата аба ырайы
11-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

12-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаап, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

13-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаап, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0