Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн, республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз Жалал-Абад,Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткенде +4...+9 градус жылуу болот. Нарын жергесинде -3...-8 градус суук болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +5...+7, борбор калаада +3...+5 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0