Кыргызстанда эшек, коён жана чочконун саны азайып кетти. Статистика

© AP Photo / Pat SullivanЭшек. Архив
Эшек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын декабрь айында Улуттук статистика комитети менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери үй жаныбарлары менен канаттуулардын санын эсептеген.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 2019-жылы Кыргызстанда эшек, коён жана чочконун саны азайып кетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Өткөн жылдын декабрь айында Улуттук статистика комитети менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери үй жаныбарлары менен канаттууларынын санын эсептеген.

Төмөндө 2018 жана 2019-жылдардын аягындагы көрсөткүчтөрдү сунуштайбыз.

Көбөйгөндөр:

  • Ири мүйүздүү мал — 1 миллион 681 миң баш (53,5 миңге көбөйдү);
  • Кой-эчки — 6 миллион 267 миң баш (99 миңге көбөйдү);
  • Жылкы — 522,6 миң (24 миңге көбөйдү);
  • Үй канаттуулары — 6 миллион 211 миң (201,5 миңге көбөйдү);
  • Төө — 247 (бир башка көбөйдү);

Азайгандар:

  • Чочко — 34,8 миң (16,5 миңге азайды);
  • Эшек — 28,4 миң (500гө азайды);
  • Коён — 26 миң (1,6 миңге азайды).
Жаңылыктар түрмөгү
0