Күндүн көзү бузулуп, катуу шамал болот. Көчкү түшүү коркунучу бар аймактар

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап карга айланышы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 27-28-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы бузулуп, кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен шамал болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап карга айланышы күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар:

  • Төө-Ашуу ашуусу;
  • Ала-Бел ашуусу;
  • Чычкан капчыгайы;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа —Алайкуу жолунун 45-115-чакырымдары;
  • Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдары;
  • Казарман — Ак-Тал — Чат жолунун 43-44-чакырымдары;
  • Кара-Гөө ашуусу;
  • Чоң-Ашуу ашуусу;

Бул аймактарда автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта жол көрүнбөй, унаа кыймылын кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0