Бир бейтап канча кишиге коронавирус жуктурат. Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМаскачан аял метродон чыгып бараткан убакытта
Маскачан аял метродон чыгып бараткан убакытта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис COVID-19 SARS вирусуна караганда катуу жүрүп, тез жайылып жатканын белгилеп, статистикалык маалыматтарды келтире кетти

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. COVID-19 коронавирусуна кабылган бир киши орто эсеп менен 2-3 кишиге аны жугузат. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо комитетинин атайын комиссиясынын жетекчиси Чжун Наньшань бейшемби күнү журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды

"COVID-19 SARS вирусуна караганда катуу жүрүп, тез жайылып жаткан сыяктуу. Статистикалык маалыматтарга таянсак, бир киши эки же үч адамга вирус жуктуруп жатат", — деди Чжун Наньшань.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экенин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Паломники во время хаджа в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравия кичи ажылыкка зыяратты токтотту
Кыргызстан Кытай менен чектешкен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Республика боюнча коронавируска кабылгандар жок.

Соңку маалыматтарга караганда, дүйнө боюнча вирустан 2 715 киши көз жумуп, жуктургандардын саны 81 миңден ашты. Ошол эле учурда 29 миңден ашуун адам айыкканы белгилүү болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ушул тапта вирус 37 өлкөгө жайылганын айтты. Кытайдан башка жерлерде 2790 киши жуктуруп, 44 киши көз жумду.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0