Күндүн табы 21 градуска жетет. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Жекшембиден тарта абанын температурасы жогорулап, Бишкек, Ош шаарларында 21 градуска чейин жетери айтылды.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги өлкө аймагына карата бир жумалык аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, жекшембиден тарта абанын температурасы жогорулап, Бишкек, Ош шаарларында 21 градуска чейин жетет.

1-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот.

1-мартта күндүз, 2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

3-мартта күндүз Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрге жетет.

Гүлдөп жаткан өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жай келип калабы? Март айына карата аба ырайы
4-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-мартта күндүз жана 5-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

5-мартта күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жана тоо этектеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Ал эми 6-7-март күндөрү күндүн көзү бузулуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0