Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
4-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 4-мартта күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10…+15, Талас аймагында +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11…+16, ал эми Ысык-Көл жергесинде +2...+7, Нарында +1…+6 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте жамгыр себелеп, күндүн табы +11...+13, ал эми Ошто күн ачык болуп, термометрдин көрсөткүчү +13…+15 градуска чейин жогорулайт.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0