Улуттук кийим кийген кыздар. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда 8-март күнү аба ырайы кандай болот

258
(жаңыланган 18:21 04.03.2020)
Кыргызстандын аймактарында 7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 2…7 градус суук болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет  8-мартка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Маалыматка караганда, 7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 2…7 градус суук болушу ыктымал.

Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө 4…9 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4 градустан +1 градуска чейин, күндүз +6…+11ден тарта тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -2 градустан +3 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3 градустан +2 градуска чейин жылыйт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми күндүз -3…-8 градус болушу күтүлөт.

 

258
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы, 8-март
Тема боюнча
Күндүн табы 21 градуска жетет. Бир жумага карата аба ырайы

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди. Сүрөт

0
Акынды акыркы сапарга узатууда сөз сүйлөгөндөр Абылкасымованын маданият менен искусствонун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошконун белгилешти.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Чүй облусунун башчысынын орун басары Нурил Алымбаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, акындын калемдештери жана жакындары катышты.

Коштошуу зыйнатында Абылкасымованын Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкону белгиленди.

Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында узакка созулган оорудан улам 16-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан.

Ал Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1958-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.

1961-жылы акындын алгачкы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактардын автору. Анын ырлары орус, украин, казак, моңгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.

0
Белгилер:
Майрамкан Абылкасымова, өлүм, акын, жерге берүү
Жолду оңдоо иштерин жасап жаткан жумушчу. Архив

Бишкек: мас айдоочу сүзгөн жолчу ошол жерден көз жумду. Сүрөт

0
(жаңыланган 13:14 18.10.2021)
Трагедия өткөн түнү борбор калаадагы Горький көчөсүндө болгон. Жумушчунун жолдун тилкесинде иштеп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте Mazda Demio автоунаасы менен бара жаткан мас айдоочу Горький көчөсүндө жол оңдоп иштеп жаткан жумушчуну койдуруп кетти. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Кырсык болжол менен саат 01:55 чамасында болгон. Mazda Demio автоунаасын 20 жаштагы И. Б. аттуу жарандын айдап бара жатканы айтылды.

Трагедиялуу окуянын сүрөттөрү менен видеосу активист Болот Ибрагимовдун каналына жарыяланган.

"Айдоочу Горький көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан. Айдаралиев көчөсү менен кесилишкен жерде жолдун оңдолуп жатканын эскерткен белгиге карабай, мас айдоочу ошол жерде иштеп жаткан 27 жаштагы Т. Ы. аттуу жумушчуну ("Аргын-Курулуш" компаниясында эмгектенген) койдуруп кеткен", — деп айтып беришти Кайгуул милициясынан.

Жумушчу ошол жерден көз жумган.

Автомобиль айып короого токтотулуп, айдоочу Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, экспертизалык иштер уланууда.

Кайгуул милициясы коомчулукка жолдон мас айдоочуну көрүп калгандарды 102 кызматына же 0(509) 102 122 номерине кайрылып, кабарлап коюуну суранды.

0
Белгилер:
Бишкек, жол кырсык, айдоочу, жумушчу, өлүм, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бакты сүзгөн. Кеминдеги кырсыкта эки адам көз жумуп, үчөө жабыркады
12 жаштагы бала бар... Таласта 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы