Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКонный туризм на курортах Карачаево-Черкесии
Конный туризм на курортах Карачаево-Черкесии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-мартта түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, ошондой эле Нарын облусунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Тоолуу аймактарда күрткү жаралат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жума күнү, 6-мартта, күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында катуу жаан жаап, карга айланышы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +1...+6, Ысык-Көл, Талас жергесинде 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4…+9 жылуу, ал эми Нарында термометрдин көрсөткүчү -3…+2 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбор калаада +3...+5, Ошто +4...+6 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0