Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровДорога Исфана — Баткен
Дорога Исфана — Баткен  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-мартта түнкүсүн республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ишемби күнү, 14-мартта, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14...+19, Талас жергесинде +12…+17, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +15…+20, Ысык-Көл +6...+11, Нарын аймактарында +4…+9 градус жылыйт.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +16...+18, Ошто +17...+19 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0