Ош шаарында качан жылуулук өчүрүлөрү айтылды

Жазылуу
Шаардыктарга жылуулук берүү токтотулгандан кийин алдыдагы кышка даярдык көрүү иштери башталары белгилүү болду.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ош шаарында жылуулук берүү 18-марттан тарта токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы бирдирди.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Ага ылайык, эртеңден тарта 2020-2021-жылдын жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери башталат. Муну аткаруу Ош жылуулук электр борборуна, "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасына, шаардык билим берүү башкармалыгына, саламаттык сактоо мекемелерине милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0