Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
18-мартта түнкүсүн республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. 18-мартта күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткендин кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл жергесинде +9...+14, Нарын аймагында +8…+13 градус жылуу болору айтылды.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр себелейт. Күндүн табы борбор калаада +16...+18, Ошто +23...+25 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0