Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймактарында үшүк жүрөт

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-27-мартта түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…2 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус болуп, үшүк жүрөт.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 25-26-март күндөрү Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, жаан-чачын, тоолуу аймактарда карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланары божомолдонууда.

26-мартта көпчүлүк аймактарда ушундай эле аба ырайы кармалып, өлкөнүн түштүгүндө жаан-чачын катуу жаай турганы айтылды.

Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы
25-27-марттарда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2 суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска жетип, үшүк жүрөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Бишкек — Ош жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман — Ак-Тал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Коо ашуусу) көчкү түшүү коркунучу бар.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0