Кыргызстанда эртеңден тарта ички авиакаттамдар токтотулат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим коронавируска байланыштуу республиканын кээ бир район, шаарларында киргизиле турган өзгөчө абалга байланыштуу кабыл алынган.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Эртең, 25-марттан баштап бардык ички авиакаттамдар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Мындай чечим коронавируска байланыштуу 25-марттан тарта республиканын кээ бир район, шаарларында киргизиле турчу өзгөчө абалга байланыштуу кабыл алынган.

Бет кап тагынбаган адамдар кагуу жеп... Бишкектеги посттордон тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Бет кап тагынбаган адамдар кагуу жеп... Бишкектеги посттордон тартылган видео
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде Республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиакаттамдар гана уча алышат.

Айта кетсек, ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра ошол шаарлардан бери жүргүзүлчү.

Кыргызстанда жарыялана турган өзгөчө абал жана өлкөдөгү учурдагы кырдаал боюнча толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0