Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Апта ичинде бийик тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде күн жаанчыл болуп, карга айланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бир аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Апта ичинде бийик тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде күн жаанчыл болуп, карга айланышы мүмкүн.

29-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

30-мартта өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.

31-март күнү Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул аймактарда жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат.

1-апрелде түнкүсүн көпчүлүк тоолуу райондордо карга айланган жаан жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда кургак болот.

2-апрель күнү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуулайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0