Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
3-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. 3-апрелде күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17…+22, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көлдө +9...+14 жана Нарын аймагында +8…+13 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +18...+20 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0