Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болсо, ал эми кээ бир райондор менен аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. 13-апрель, дүйшөмбү күнү, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Ошондой эле тоолуу өрөөндөрдө жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызгидромет: Бишкек шаарында аба тазарды
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +14…+19, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +15…+20, ал эми Ысык-Көл менен Нарын жергелеринде +13…+18 градус болот.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +16…+18 градуска чейин жетсе, Ошто термометрдин көрсөткүчү +18…+20 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0