Сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© AP Photo / Gemunu AmarasingheЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-15-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 14-апрелден 16-апрелге чейин жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу жаралышы ыктымал.

Кар күрткү түшүүсү мүмкүн болгон аймактар, ашуулар:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Бишкек — Ош унаа жолунун 198-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. ӨКМ автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл экендигин эскертти.

"14-15-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындан улам коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин күч, каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Апта ичи аба ырайы кандай болорун атайын даярдаган инфограмдан көрүп алсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0