Күн жылыйт! Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин божомолу боюнча, бул жумада өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт, күндүн табы көтөрүлөт.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун таратты. Маалыматка ылайык, келе жаткан күндөрдө өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Анткен менен тоолуу райондордо кар жана жаан жаашы күтүлүүдө.

Бишкек шаары

Борбор калаада 19-23-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Чүй, Талас облустарында

21-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

22-апрелде тоолуу райондордо гана бир аз кар жаабаса, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жакындайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

Өлкөнүн түштүгүндө бул күндөрү күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Болгону бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал.

Ысык-Көл облусунда

Көлдө дагы дал ушундай аба ырайы. Түздүктө жаан-чачын жок, бирок тоолуу аймактарга кар аралаш жамгыр жаап, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Нарын облусу

Нарындын дыйканчылык аймактарында аптанын акыркы күндөрүнө чейин жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн тоолуу аймактарга гана бир аз кар жаайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0