Жекшембиге карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшПогода в Оше
Погода в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. 26-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарындын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ошондой эле бийик тоолу өрөөндөрдө кар жаайт. Ал эми Талас жана Баткен облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн жылыйт! Бир жумага карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +22…+27, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +24…+29 жана Ысык-Көл менен Нарында +18…+23 радус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ошто +27…+29 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0