Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы

© AFP / CHRISTOPHE SIMONСильный дождь в Рио-де-Жанейро
Сильный дождь в Рио-де-Жанейро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин божомолу боюнча бул жумада өлкөнүн бардык аймактарында маал-маалы менен жаан жаайт. Бирок күн жылуу болот.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун таратты. Маалыматка ылайык, келе жаткан күндөрдө өлкө аймагы боюнча аба ырайы жаан-чачындуу болуп, тоолуу райондордо карга айланат.

Бишкек шаары

Борбор калаада аптанын алгачкы күндөрү күн ачык болот. 29-30-апрелдерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй, Талас облустарында

26 жана 28-апрель күндөрү түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-апрелде күндүз жана 30-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

28-апрелде күндүз Баткен облусунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан-чачын күтүлүүдө. Бейшемби күнү дагы көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаашы божомолдонууда.

Ысык-Көл облусунда

Көл өрөөнүндө аптанын баштапкы күндөрү күндүз, экинчи жарымында күнү-түнү жаан-чачын болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Нарын облусу

26-29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда. 30-апрелде дагы жаанчыл болуп, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0