Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүСильный дождь в Грозном
Сильный дождь в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыдагы аптада айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланышы ыктымал. Анткен менен түштүк тарапта жана Чүй, Бишкекте абанын температурасы жогору болору божомолдонду.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, алдыдагы аптада айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланышы ыктымал. Анткен менен түштүк тарапта жана Чүй, Бишкекте абанын температурасы жогору болору божомолдонду.

3-майда Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө.

Жоогазын гүлдөгөн учурда шаардыктар кубанып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кээ бир жерлерде үшүк жүрөт! Май айына карата аба ырайы
4-майда күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлерине жаан жаашы ыктымал. Башка аймактарда күн ачык болот.

5-6-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кайра жаан-чачын болуп, айрым тоолуу жерлерге кар жаашы божомолдонууда. 6-майда кээ бир аймактарда жаан катуу жаайт деп айтылды.

7-майда Нарын менен Ысык-Көлдөн башка аймактарда күн ачылат. Абанын температурасы 23 градуска чейин жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-майда күндүз жана 6-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0