Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Республика боюнча күн ачык болот. Ысык-Көл облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетет.

БИШКЕК, 21-май. — Sputnik. 22-май, жума күнү, өлкө аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Ысык-Көл облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ал эми калган аймактарда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Таласта +23…+28, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +26…+31, Ысык-Көлдө +17…+22 жана Нарын жергесинде +19…+24 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +26…+28 градуска дейре жетсе, Ошто термометрдин көрсөткүчү +28…+30 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0