Аптанын соңунда жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин айтымында, бир жума бою өлкөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө күн ачык болуп, жаан-чачын жума соңунда гана жаайт.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптанын аба ырайы боюнча божомолун таратты. Ага ылайык, республика аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө 24-майдан 28-майга чейин жаан-чачын болбойт.

Чүй, Талас, Нарын облустарында 24-28-май күндөрү аба ырайы жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткенде 24-майдан 27-майга чейин жаан-чачын болбойт, 28-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Ысык-Көл облусунда 28-майда күнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында да күн ачык болуп, абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0