Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековПервый день работы общественного транспорта в Бишкеке после ЧП
Первый день работы общественного транспорта в Бишкеке после ЧП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында күн бир топ ысыйт. Ал эми аба Ысык-Көл өрөөнүндө салкыныраак болот.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Эртең, 26-майда, Ысык-Көл жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болорун Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Таласта +29…+34, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +23…+28 жана Нарында +26…+31 градуска чыгат.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +32…+34 градус, Ош калаасында +34…+36 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0