Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековОртосайский рыночный комплекс в Бишкеке
Ортосайский рыночный комплекс в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 29-май, жума күнү, Ысык-Көл менен Чүй облустарынын тоолуу райондорунда жана Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми Таласта күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Сууга түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26…+31, Таласта +25…+30, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +28…+33, Ысык-Көлдө +21…+26 жана Нарында +23…+28 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы баш калаада +29…+31 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында күндүн табы +31…+33 градуска дейре жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0