Беткап кийген бала. Архивдик сүрөт

Кыздардан эркек балдар көп. Бөбөктөр боюнча кызыктуу статистика

199
(жаңыланган 16:19 01.06.2020)
Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын көбү (68 пайызы) айыл жерлеринде жашайт. Былтыр жарыкка келген ымыркайлардын 22 пайызынын энелери расмий никеге турбагандыгы айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. 2020-жылдын башына карата өлкөдө 18 жашка чыга элек 2 миллион 456 миң бала катталса, анын жарымынан көбү — эркек балдар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында жазылган.

Балдар күнүнө карата чыгарылган статистикага таянсак, 2019-жылга салыштырмалуу өлкөдө балдардын саны 75 миңге же үч пайызга көбөйгөн. Ошондой эле Кыргызстанда бөбөк, өспүрүмдөрдүн көбү (68%) айыл жеринде жашайт.

Ушул жылдын башында катталган балдардын ичинен:

  • 45 пайызы —7 жашка чейинки бөбөктөр (1 миллион 115 миң адам);
  • 42 пайызы — 7-14 жашка чейинки өспүрүмдөр (1 миллион 30 миң адам);
  • 13 пайызы — 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (311 миң адам).

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2019-жылы 174 миң бала төрөлгөн. Анын 89 миңи эркек балдар болсо, 85 миңи кыздар. Башкача айтканда, кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн. Былтыр жарыкка келген ымыркайлардын 22 пайызынын энелери расмий никеге турбагандыгы да айтылды.

"Соңку жылдары ислам дининин шартына ылайык баш кошуу күч алып, расмий никеге турууга көңүл бурулган эмес. Мындан улам никесиз энелерден төрөлгөн балдардын айрым бөлүгү иш жүзүндө ата-энеси бар экени аныкталган. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын 51 пайызы гана ата-энесинин арызы менен катталса, 49 пайызы энесинин гана арызы менен катталган. Бул — үй-бүлөдө бала атасыз чоңоюп жаткандыгынан кабар берет", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Биринчи айым Айгүл Токоева. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Балдар арасында ооруларды азайтуу максатында өлкөдө эмдөө иш-чаралары жүргүзүлөт. 2019-жылы кургак учукка каршы эмдөөгө бир жашка чейинки балдардын 96,4 пайызы катышкан. Көк жөтөл, дифтерия жана столбняк же тарамышы тырышып калуу оорусуна каршы эмдөөнү 94,3 пайыз ымыркай алган. Ал эми кызылча, эпидемиологиялык паротит жана краснуха ооруларына каршы эмделгендердин саны 97,2 пайызды түзөт.

Былтыркы жылы социалдык жактан корголбогон, абалы оор 96 миң үй-бүлө катталган. Бул бүлөлөрдө 309 миң бала жашаары маалым болду.

199
Белгилер:
ден соолук, жашоочулар, статистика, бала, Кыргызстан
Тема боюнча
Кочкоров: жарандар бала асырап алууга онлайн арыз бере алат
Бала бакчалар 5-июндан тарта иштемей болду
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

39
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

39
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

68
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

68
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео