Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДарактагы таранчы. Архив
Дарактагы таранчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. 5-июнда Кыргызстандын Таластан башка алты облусунун көпчүлүк  аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Ал эми Талас дубанында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Таласта +27…+32, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +31…+36 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +20…+25 градус болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы борбор калаада +29…+31 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +32…+34 градуска дейре жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0