"Таласка кирбейт" деп жатып... Облус башчысы Мураталиев элге кайрылды

© Фото / Элмира СуйутбековаПолномочный представитель правительства в Таласской области Марат Мураталиев
Полномочный представитель правительства в Таласской области Марат Мураталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таластын башчысы облуска вирус элдин кайдыгер мамиле жасай баштаганынан улам кирип кетти деген пикирде. Учурда аталган аймакта үч кишиден вирус табылып, дарылана башташты.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Таласта коронавирус биринчи табылган медик келиндин үй-бүлөсү дүкөн иштетчү. Эми келиндин жолдошу жана анын дос баласынан вирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, келин менен бирге мобилдик топто иштеген бир дагы медицина кызматкеринен коронавирус табылган эмес.

"Бул үй-бүлөнүн жүк ташуучулар өтчү жолдун жээгинде дүкөнү болгон. Келинге коронавирус ошол жактан жугушу мүмкүн деп боолголоп жатабыз. Дүкөндөн алар менен байланышта болгондун баары такталып жатат. Ал эми бүгүн анын жолдошунан жана анын дайыма байланышта болуп жүргөн дос баласынан коронавирус аныкталды. Баары облустун жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланышууда", — деди Мураталиев.

Ал облуска вирус элдин кайдыгер мамиле жасай баштаганынан улам да кирип кетти деген пикирде.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вирус бир эле жол менен келди. Талас башчысы коронавирустун чыгышы тууралуу
"Таластан чыкпайт" деп айрымдары кайдыгер мамиле кылып жатып вирусту киргизип алдык окшойт. Бирок эми аны жайылтып албашыбыз керек. Ошол себептен ооруну жуктурган бейтаптарды айыктырып, вирусту таратып жибербеш үчүн болгон күч-аракетти жумшайбыз", — деди облус башчысы.

Эскерте кетсек, Талас облусунда коронавирус биринчи ирет 9-июнда медицина кызматкеринен табылган. Кыргызстанда коронавирус аныкталган алгачкы күндөн тарта (18-марттан) Таласта вирус каттала элек болчу.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 2129 болсо, анын ичинен 1630у айыгып чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 26 адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0