Кыргызстанда пандемияга карабай чакан насыя алгандар көбөйдү

Жазылуу
Быйыл алынган насыялардын 35 пайыздан ашыгы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө жумшалган. Кийинки орундарга керектөөчүлүк (26,1 пайыз) жана соода, коомдук тамак-аш чөйрөсү (11,7 пайыз) чыкты.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу микрокредит алган калктын саны 7,6 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 11,4 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Тагыраагы, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында чакан насыя берүүчү уюмдар тарабынан 6 924,3 миллион сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 143,9 миң адамды түздү.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абжапарова: 6% менен каалагандарга ипотека берчү компания түзүлдү
Эң көп сумма Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 20,4 пайызы), Бишкек шаарынын (17,1 пайыз), Жалал-Абад (14,9 пайыз) жана Чүй облустарынын (14 пайыз) тургундарына берилген.

Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 35,1 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат. Экинчи орунга керектөөчүлүк (26,1 пайыз), үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү (11,7 пайыз) чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0