Жамгырда бараткан кыз. Архивдик сүрөт

Жаан, кар жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

2505
(жаңыланган 14:31 24.06.2020)
Апта аяктап калганда абанын температурасы төмөндөп, көп жерлерде жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаай турганы божомолдонду.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. 26-июндан 28-июнга чейин өлкөдө жаан жаап, туруксуз аба ырайы күтүлүп, ал сел жүрүү коркунучуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 26-июнь күндүз жана 27-28-июндарда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерге мөндүр да жаай турганы божомолдонду.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

"Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат", — деп айтылат маалыматта.

Дээрлик бардык жерлерде абанын температурасы да кескин төмөндөй турганы айтылды.

2505
Белгилер:
жаан, сел, шашылыш билдирүү, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу
Добуш берип жаткан адам. Архив

Шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун ЖК комитети үч окууда жактырды

57
Маселе комитеттен кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмак. Бирок саат 14:00дөн бери кворум жок жыйын башталбай жатат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Белгилей кетсек, аталган демилге кечээ, 21-октябрда, парламентте биринчи окуудан өткөн. Бүгүн комитетте дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып колдоо тапты.

Андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланмак. Бирок саат 14:00дөн бери кворум жок жыйын башталбай жатат. Бул конституциялык мыйзам болгондуктан кабыл алуу үчүн кеминде 80 депутат добуш бериши керек.

ЖК комитети эки шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзам долбоорун колдоду

Эгер сунушталган мыйзам күчүнө кирсе:

  • парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат. Анын жолу татаалдаштырылат;
  • шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен ишинен бошотулат.
57
Белгилер:
колдоо, комитет, мыйзам долбоору, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууну кайсы депутаттар демилгеледи. Тизме
Эки шайлоонун мөөнөтү жылып, Конституция өзгөрүшү мүмкүн. Жаңы сунуш
Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев. Архив

Кадр кызматынын башчылыгына мурдагы вице-премьер барды

77
(жаңыланган 17:07 22.10.2020)
Маматалиев президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, бир нече күн Кадр кызматын жетектеген Досалы Эсеналиевдин ордуна келди.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кадр кызматын мурдагы вице-премьер Абдырахман Маматалиев жетектей турганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Маматалиев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана күч блогун жөндөгөн вице-премьер болуп иштеген. Учурда анын уулу Марлен Маматалиев ЖКнын VI чакырылышынын депутаты.

Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды

Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси болуп Досалы Эсеналиев бир нече күн иштеген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында аны аталган ведомствонун жетекчилигине дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон. Буга чейин Эсеналиев президенттик аппаратты жетектеп келген.

77
Белгилер:
Абдырахман Маматалиев, Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды