Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Апта ичи жаанчыл болуп, айрым аймактарда абанын температурасы төмөндөй турганы айтылды. Бийик тоолуу жерлерге кар жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 28-июн.— Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолун айтты.

Билдирмеге караганда, апта ичи жаанчыл болуп, айрым аймактарда абанын температурасы төмөндөйт.

28-июнда өлкөнүн дээрлик бардык облустарында күн күркүрөп, жаан жаайт. Бийик тоолуу райондорго кар жаашы божомолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

2020-жыл тарыхтагы эң аптаптуу беш жылдын катарына кирери айтылды

29-июнда күндүз жана 30-июнь түнкүсүн жаан токтоп, күндүн көзү ачылат. Бирок 30-июнь күндүз Бишкек шаарынан башка аймактарга кайра жаан жаашы ыктымал. Ошону менен 1-2-июлда дагы күн күркүрөп жаан жаашы божомолдонду.

Шаарларды алсак, Нарын шаарынан башка жерлерде абанын температурасы 29 градустан 32 градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0