Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондоруна кар жаайт.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. 3-июль, жума күнү, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинин кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ал эми Талас жана Жалал-Абад облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Таласта +24…+29, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35, Ысык-Көлдө +20…+25 жана Нарында +21…+26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы ордо калаада +26…+28, Ошто +32…+34 жана Чолпон-Атада +20…+22 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0