Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең күндүз республика боюнча көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас жергесинде +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +22...+27 градус жылуу болот.

Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ошто +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 градус болору маалымдалды.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0