Жээнбеков Назарбаевди телефон аркылуу 80 жаш мааракеси менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу. Архив
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Назарбаевге чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч ажосу Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин 80 жылдык мааракеси жана Казакстандын борбор калаасынын күнү менен куттуктап, Назарбаевге чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган.

Нур-Султанда Елбасы университетинин алдына Назарбаевдин айкели коюлду. Сүрөт

Өлкө башчы Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгилегени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0