Бишкектегидей кырдаал кайталанбашы үчүн аймактарда даярдык кандай? Расмий жооп

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВ Оше готово 600 мест для пациентов с пневмонией
В Оше готово 600 мест для пациентов с пневмонией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акматованын айтымында, аймактарда медициналык мекемелерде гана эмес, жаңы ачылып жаткан стационарларда да кошумча орундар даярдала баштады.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Бишкектегидей эпидемиологиялык кырдаал кайталанбашы үчүн өлкөнүн аймактарында даярдык кандай жүрүп жатканын брифингде айтты.

Эске салсак, эпидемия башталгандан бери борбор калаада коронавирус жуктургандардын саны 5 миңден ашты. Борбор калаада пневмониядан да көз жумгандар көп.

COVID-19дан беш медик каза болду. Сандардын өсүп жатышынын себеби

Акматованын айтымында, аймактарда медициналык мекемелерде гана эмес, жаңы ачылып жаткан стационарларда да кошумча орундар даярдала баштады.

"Жеке коргонуучу каражаттар менен дары-дармектердин корун 3-6 айга чейин жеткидей кылып даярдоо маселеси чечилип жатат. Министрлик суук түшкөндө стационарларды жылуулук менен камсыз кылуу маселесин да чечүүдө. Мындан тышкары, медициналык академиянын бүтүрүүчүлөрү аймактарга бөлүштүрүлүп жатат", — деди Акматова.

Ал кууш профилдүү адистер коронавирус жана пневмонияны дарылоо протоколун үйрөнүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0