Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
19-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Башка аймактарда жамгыр жаабайт.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Эртең, жекшембиде, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын жергесинде +19...+24 градус жылуу болот.

Күндүн табы Бишкекте +31...+34, Ошто +35...+37 градуска чейин жетсе, Чолпон-Ата шаарында +21...+23 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0