Шашылыш билдирүү! Үч күн бою жаан жаап, сел жүрөрү айтылды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ тарабынан адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында операторлор аркылуу калкка СМС-билдирүүлөр жиберилген.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бүгүндөн тарта 23-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.

"Коопсуздук үчүн жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу

ӨКМ тарабынан адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында операторлор аркылуу калкка СМС-билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилгени белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0