Боронов гриппке каршы эмдөө кимдерге акысыз жасаларын айтты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүВакцинация против гриппа
Вакцинация против гриппа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы вакцинаны алууга чет мамлекеттерге буюртма берилгендигин жана эмдөө бир катар жарандарга мамлекеттин эсебинен жүргүзүлө тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Күзгө маал курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмдөө жүргүзүлөт. Анда айрым жарандардын эмдөөсүн мамлекет өз мойнуна аларын премьер-министр Кубатбек Боронов брифинг учурунда айтып берди.

"Вакцинага чет мамлекеттерге буюртма берилди, аны каалагандар ала алат. Ал эми калктын аярлуу катмарына, ооруга тез кабыла тургандардын тобуна, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттин эсебинен эмдөө жүргүзүлөт", — деди Боронов.

Кыргызстан COVID-19дун кийинки толкунуна кантип кам көрүүдө? Бороновдун жообу

Белгилей кетсек, мурдагы жылдарда гриппке каршы вакцинанын баасы 500-600 сомдун тегерегинде болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0