Алдыдагы төрт күндө да жаан токтобой, сел жүрөт. Шашылыш билдирүү

© AFP / NICHOLAS KAMM Ливень в Вашингтоне
Ливень в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөрү эскертилди.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн, 24-июлдан тарта 28-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Мындан улам коопсуздук үчүн жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу керектиги айтылат. Алар арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүшү зарыл.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 23-июль күнү ӨКМдин телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү кызматтарга жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС-билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0