БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу билдирүү таратты.
Ага ылайык, апта ичи көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Анткен менен Ош, Бишкек шаарларында абанын температурасы +34...+36 градуска чейин ысышы ыктымал. Ал эми Чолпон-Ата, Каракол шаарларында бул апта жаанчыл болору божомолдонду.
Август ысык болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу
26-июлда Чүй, Таласта күн ачык болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун кээ бир жерлерине жана Нарын, Ысык-Көлдө да күн күркүрөп, жаан жаашы мүмкүн.
27-июлдан 1-августка чейин өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлүүдө. Аба ырайы бир ачылып, бир бүркөлүп улам өзгөрүп турары айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши божомолдонду.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов опера жана балет театрынын аталышын өзгөртүү боюнча токтомго кол койду. Бул туурасында документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.
22-февралда "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому чыккан. Ага ылайык, "А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" "А. Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деп өзгөртүлгөн.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги театрдын аты өзгөртүлбөгөнүн, болгону документ Юстиция министрлигиндеги маалыматка дал келтирилгенин билдирди.
"Опера жана балет театры мурда Юстиция министрлигинде "А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" деп катталган. Өкмөттүн токтому менен биз болгону документти иретке келтирдик", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.
Мындан сырткары, өкмөттүн чечими менен Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына өттү.
2011-жылдан бери 3 281, ал эми байыл 13 айыл чарба техникасы лизингге берилген. Бул тууралуу Алишер Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 22 миң 100 трактор, 2 миң 200 дан комбайны, 17 миң 400 тиштүү мала, 2 миң 800 үрөн сепкич, 3 миңге чукул чөп чапкыч, 2 миңге чукул пресс жыйнагыч жана башка техника бар.
"Учурда алты лизинг долбоору бар. Бул долбоор 2011-жылдан бери иштеп жатат. Ошол убакыттан бери жалпы 5 миллиард 35 миллион сомго 3 миң 281 даана айыл чарба техникасы берилген. Бүгүнкү күндө лизингди өнүктүрүү үчүн 1,5 миллиард сомго барабар кредит топтому иштеп жатат. Аны алуу мөөнөтү 7ден 10 жылга чейин. Пайыздык чени 6дан тогузга чейин. Өздүк салым 10дон 30 пайызга чейин чыгат. Эгерде 30 пайыздан жогору өздүк салым төлөнсө, айыл чарба техникасы күрөөгө коюлат. Кайтарым шарты боюнча 3-6 айга чейин жеңилдик берилген. Негизги сумма бир жылда эки жолу, ал эми пайыздык чени ар квартал сайын төлөнөт. Быйыл лизинг үчүн 540 миллион сом бөлүнүп, учурда 13 айыл чарба техникасы берилди", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал республика боюнча 5 миң 900 трактор, 2 миң 600 комбайн жетишсиз экенин кошумчалады.
Маекти толугу менен видеодон көрсөңүз болот.