Паркта сейилдеп жүргөн кыз. Архив

Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы

139
(жаңыланган 08:49 06.08.2020)
8-август ишемби күнү Ысык-Көлдүн айрым аймактарында өткүн өтөт. Ал эми эс алуучулар көп барган Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык боло турганы айтылды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында ишемби, 8-августта күн ачык болсо, жекшемби, 9-августта жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

8-август, ишемби күнү, Ысык-Көлдүн айрым аймактарында өткүн өтөт. Ал эми Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында аба ырайы бузулбайт. Бул күнү Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Чүй, Таласта да жамгыр жаабайт.

Ал эми 9-августта күндүн көзү бузулуп дээрлик бардык аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт.

Анткен менен абанын температурасы жогору болуп, Бишкекте 35...37 градуска чейин ысыйт. Ал эми Чолпон-Ата шаарларында 22...24 градусту көрсөтөт.

139
Белгилер:
дем алыш, аба ырайы, Кыргызгидромет, Кыргызстан
Тема боюнча
Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат
Маршрутка. Архив

Кишилерди кууп барып бус менен тебелетип... Кызыл-Кыядагы окуянын видеосу

413
(жаңыланган 12:43 01.10.2020)
Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерден 28 жаштагы жаран жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Интернет айдыңында кичи автобустун караңгыда аянтчада айланып, элди тебелетип жаткан видеосу тарап, ал "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Окуянын кандай болгонун Баткен ИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"25-сентябрь күнү саат 20.00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү спринтер койдуруп, ал жерден из жашырып кеткен. Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерде 28 жаштагы жаран денесинен жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн", — деп айтылган маалыматта.

Видеодон ал жерде кишилер чырылдап качып, ал эми бусиктин алардын артынан кууп барып тебелетип жаткандыгын көрүүгө болот.

Бишкекте айдоочу күчүктү артынан кууп барып тебелетип кетти. Видео

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Жазык кодексинин 297, 266 ("Жол кырсыгы"), ("Ээнбаштык") беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милициядан тийиштүү экспертизалар дайындалгандыгын кошумчалашты.

413
Белгилер:
милиция, маршрутка, Кызыл-Кыя, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Машина тебелеп кеткен Эдилдин эжеси: жок дегенде арабага отургузганга операция керек!
КТРК телеканалдын логотиби. Архив

"Түндүк электр" дебат учурунда КТРКнын жарыгы өчүп калганына түшүндүрмө берди

44
(жаңыланган 12:32 01.10.2020)
Учурда жарыктын өчүрүлүшү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Жыйынтыгына жараша тиешелүү чара көрүлмөкчү.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы саясий партиялардын шайлоого карата дебаты учурунда КТРКнын жарыгы өчүп калганына түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-октябрда, кечки саат 21.48ден 21.56га чейин (8 мүнөткө) КТРКнын административдик мекемесинде жарык берүү үзгүлтүккө учураган.

"Саат 21:36да "Новозападная" кабелдик линиясындагы 35 киловаттык "Жер" деген секциядагы коргонуу линиясы өзүнөн өзү иштеп кеткен. Анын натыйжасында "Новозападная – Сельмаш-1" кабелдик линиясы жабыркаган. "Түндүк электрдин" кызматкерлери ыкчам түрдө "Жерди" таап, башка линияга которуп, көйгөйдү чечишти", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жарыктын өчүп калышынын себебин иликтеген комиссия түзүлдү. Жыйынтыгы боюнча тиешелүү чара көрүлөт.

44
Белгилер:
КТРК, жарык өчүрүү, "Түндүк Электр" ишканасы
Тема боюнча
"Түндүк электр" миллиондоп карыз болгон 10 ишкананын тизмесин чыгарды