Күндүзгү стационардагы медицина кызматкерлери. Архив

КРде жалпы канча киши коронавируска чалдыгышы мүмкүн. Өкмөттүн божомолу

236
(жаңыланган 14:58 11.08.2020)
Илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала прогнозу боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 4,2 миллион адам вируска чалдыгышы ыктымал.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстан калкынын үчтөн эки бөлүгү COVID-19га чалдыккан жок, же илдет симптомсуз өтүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов ачык булактагы маалыматтарга таянып брифинг учурунда билдирди.

"Ооруп калган бир бөлүгү сан менен айтканда 1,4 миллион киши. Булардын ичинен 466 миң адам жеңил формада ооруп, дарыгерлердин жардамысыз сакайып жатат", — деди Боронов.

Ошондой эле ал Илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала прогнозу боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 4,2 миллион адам вируска чалдыгышы ыктымал экенин эскертти.

Дүйнөдө COVID жуктургандардын саны 20 миллиондон ашты

"Бул тогуз жаштан жогорку жарандардын саны. Андан ылдыйкы курактагылар арасында ооруп калгандар өтө аз болгондуктан, эсептен алып салынды", — деди Боронов.

Эске салсак, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 40 755 киши вируска кабылды.

236
Белгилер:
божомол, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2239)
Тема боюнча
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган 278 адам аныкталды
Манас эл аралык аэрпорту. Архив

Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар

38
(жаңыланган 23:26 24.09.2020)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз компаниялары Кыргызстанда ишке ашырып жаткан жана пландаган долбоорлору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Франциянын Aеroports de Paris жана TAV Airports аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдеги элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу видеоконференция өткөргөн.

Тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын жана соода-экономикалык байланышынын өнүккөнүн талкуулашкан.

"Атап айтканда, Aеroports de Paris жана TAV Airports Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Ал эми GE Hydro France компаниясы Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Flowbird компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда, ошондой эле EGIS компаниясы Ош — Баткен — Исфана автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды. Бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте Novotel франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Министр Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Руга ыраазычылык билдирип, ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

38
Белгилер:
аэропорт, экономика, элчи, ТИМ, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти
Талаада жайылган койлор. Архив

Жумага карата аба ырайы

27
(жаңыланган 21:03 24.09.2020)
Жумага караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жума күнү, 25-сентябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +18...+23, Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27 градуска жылыйт.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +20...+22, Ош шаарында +22...+24 градусту көрсөтөт.

27
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары