Түшүм жыйноо. Архив

Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды

244
(жаңыланган 08:31 14.08.2020)
Быйыл Кыргызстанда оң тенденция байкалган тармактардын бири — айыл чарбасы. Жыл башынан бери өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи жогорулап, өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Июль айынын аягындагы маалымат боюнча, өлкөдө 238,5 миң гектардан дан өсүмдүктөрү жыйналып бүттү (буга буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка кошулган жок). Бул 2019-жылдын ушул мезгилине караганда 11,2 пайызга көп", — деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн жылдын ушул учуру менен салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы 11 пайызга, буудай 7 пайызга, картошка 4,5 пайызга, мөмө-жемиштер 3,9 пайызга жана жашылча өсүмдүктөрү 2,2 пайызга көбүрөөк жыйналган.

Кыргызстанга мигранттардан келген акчанын көлөмү өстү

Эске салсак, быйыл Кыргызстанда оң тенденция байкалган тармактардын бири — айыл чарбасы. Жыл башынан бери өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

Ал эми экономиканын артка кеткен тармактары тууралуу Sputnik Кыргызстандын башка материалынан окуп билсеңиз болот.

244
Белгилер:
эгин, өсүмдүктөр, түшүм, экономика, айыл чарба, Кыргызстан
Тема боюнча
Мукашев: КРде өндүрүлгөн эт сапаты жагынан кошуналардан кыйла артта калган
Дордой футбол клубунун оюнчулары. Архив

"Дордой" футбол клубу мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду

6
(жаңыланган 13:23 01.10.2020)
Дордойчулар чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" клубу футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2020-жылдагы чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирди.

Дордойчулар чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери бүгүн, 1-октябрда? мелдештик жарышта экинчи сапта келе жаткан Бишкектин "Алга" клубун утуп алды.

Бишкекте тынчтыкты даңазалаган футбол майрамы өттү. Сүрөттөр

Беттеш Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өтүп, талаа ээси катары ойногон "Алганы" "Дордой" 1:5 эсебинде утту.

Муну менен "Дордой" үчүнчү ирет удаасы менен, ал эми тарыхында 12-ирет чемпион болду.

Кыргызстандын чемпиону быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу борборлоштурулган форматта Кант шаарында күйөрмансыз өттү.

6
Белгилер:
"Дордой" ФК, футбол
Тема боюнча
Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео
Маршрутка. Архив

Кишилерди кууп барып бус менен тебелетип... Кызыл-Кыядагы окуянын видеосу

510
(жаңыланган 12:43 01.10.2020)
Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерден 28 жаштагы жаран жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Интернет айдыңында кичи автобустун караңгыда аянтчада айланып, элди тебелетип жаткан видеосу тарап, ал "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Окуянын кандай болгонун Баткен ИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"25-сентябрь күнү саат 20.00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүндө Кадамжай районунун 28 жаштагы тургунун жашыл түстөгү "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү спринтер койдуруп, ал жерден из жашырып кеткен. Азыркы күндө автоунаанын ээси аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми окуя болгон жерде 28 жаштагы жаран денесинен жараат алып, жергиликтүү аймактык ооруканага түшкөн", — деп айтылган маалыматта.

Видеодон ал жерде кишилер чырылдап качып, ал эми бусиктин алардын артынан кууп барып тебелетип жаткандыгын көрүүгө болот.

Бишкекте айдоочу күчүктү артынан кууп барып тебелетип кетти. Видео

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Жазык кодексинин 297, 266 ("Жол кырсыгы"), ("Ээнбаштык") беренелери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милициядан тийиштүү экспертизалар дайындалгандыгын кошумчалашты.

510
Белгилер:
милиция, маршрутка, Кызыл-Кыя, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Машина тебелеп кеткен Эдилдин эжеси: жок дегенде арабага отургузганга операция керек!