Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРегионы России. Республика Алтай
Регионы России. Республика Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлеринде кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ишемби күнү, 22-августта, күндүз өлкөдө жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жер бетиндеги эң жогорку температура катталган аймак аталды

Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +31...+33, Ошто +31...+35 болсо, ал эми Чолпон-Атада +23...+25 градуска жогорулайт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0