Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктер 23-августта республикада түнкүсүн жаан-чачын жаабай турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жекшемби күнү, 23-августта, күндүз өлкөдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +22...+27 градус болору болжолдонду.

Жер бетиндеги эң жогорку температура катталган аймак аталды

Термометрдин көрсөткүчү борборубуз Бишкекте +32...+34, Ошто +34...+36 болсо, ал эми Чолпон-Атада +23...+25 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0