Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
31-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 31-августта, күндүз өлкөнүн айрым райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерине кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Синоптиктер күздүн биринчи жумасында аба ырайы кандай болорун айтышты

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27…+32, Таласта +25…+30, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +28…+33, ал эми Ысык-Көл менен Нарында +22…+27 градусту түзөт.

Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбор калаада +30...+32, Ошто +31...+33, Чолпон-Атада +22...+24 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0