Телефон колдонгон кыздар. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктардын канча пайызы мобилдик интернет колдонот

97
(жаңыланган 08:47 04.09.2020)
Жаш курагы боюнча айта турган болсок, интернеттин активдүү колдонуучулары (82 пайызы) 15-28 жаштагы жарандар. Ал эми жогорку билими бар адамдардын 81 пайызы интернетсиз жашабайт.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Учурда кыргызстандыктардын 99 пайызы мобилдик интернет менен камсыз болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Булардын ичинен 70 пайызы жогорку сапаттуу 4G интернетти пайдаланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Боронов: өлкө боюнча 65 616 окуучуда смартфон жок экени аныкталды

Жаш курагы боюнча айта турган болсок, интернеттин активдүү колдонуучулары (82 пайызы) 15-28 жаштагы жарандар. Ал эми жогорку билими бар адамдардын 81 пайызы интернетсиз жашабайт.

Баса, Кыргызстанда дээрлик бардык мектептер (99 пайыз) дүйнөлүк желеге туташканын өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирген. Анын айтымында, өлкө боюнча 22 мектепте гана интернет жок.

97
Белгилер:
статистика, колдонуучу, интернет, Кыргызстан
Тема боюнча
Эксперт акылдуу телевизорлор "тыңчылык" кылышы мүмкүн экенин айтты
Биометрикалык тершерүүдөн өтүп жаткан шайлоочу. Архив

437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

28
(жаңыланган 10:02 30.09.2020)
КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар миссиясы да форма №2 менен добуш берүүнү каалаган шайлоочулар көп экенин белгилешти.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Добуш берүү укугу бар 437 384 кыргызстандык жаран биометрикалык каттоодон өтпөй, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу КМШнын байкоочу миссиясынын КРдеги парламенттик шайлоого жүргүзүлгөн байкоолор тууралуу отчетунда айтылат.

Миссия өз отчетунда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянган. Мамкаттоо БШК менен биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин негизинде биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандар 2017-жылга салыштырмалуу 300 миңге азайганы айтылды.

Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме

КМШ байкоочулар миссиясы ошондой эле шайлоо дареги боюнча (форма № 2) добуш берүүнү чечкен жарандардын саны көп экенин белгилейт. Мындай укуктан пайдаланган шайлоочулардын саны 488 124тү түзөт.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

28
Белгилер:
Кыргызстан, БШК, тизме, шайлоо, Биометрикалык маалыматтар
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлдабекова: шайлоодо жарым млн. адам №2 форма менен добуш бермей болду
Будапешт шаарында Чыңгыз Айтматовдун аты берилген сейил бактын ачылыш аземи

Будапешт шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парк пайда болду. Сүрөт

22
(жаңыланган 10:18 30.09.2020)
Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен жолугуп, иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу да айтып берген.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Салтанаттуу аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Салтанаттуу аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Сейил бакка атактуу жазуучунун ысымын ыйгаруу аземине Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышып, Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Гергей Карачонь венгер окурмандарынын кеңири сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантын даңазалаган жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Европанын эң кооз шаарларынын бириндеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу кубанычтуу жана маанилүү окуя экендигине токтолду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Ушул эле жерден Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен кыскача баарлашты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 6
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчисинин аталган мамлекетке сапары 29-сентябрда башталган. Буга чейин өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, бир катар макулдашууларга кол коюлган.

Сейил бакка атактуу жазуучунун ысымын ыйгаруу аземине Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышып, Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү.

Гергей Карачонь венгер окурмандарынын кеңири сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантын даңазалаган жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Европанын эң кооз шаарларынын бириндеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу кубанычтуу жана маанилүү окуя экендигине токтолду.

"Айтматовдун чыгармалары алыскы кыргыз айылынан тартып, глобалдык көйгөйлөргө жана планетардык масштабдагы актуалдуу идеяларга чейин ар кыл маселелерди камтыйт. Ал өмүр бою дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын жана эл аралык кызматташтыктын идеяларын коргоп келген. Биз, кыргыздар, уникалдуу "Манас" эпосубуз менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнөлүк маданиятка өз салымыбызды коштук", — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Айтматов тынчтык идеяларын Ысык-Көл форумун уюштуруу аркылуу да жайылтканын, ага дүйнөлүк саясаттын жүрүшүнө таасир эткен көптөгөн белгилүү инсандар катышканын кошумчалады.

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

Президент дагы бир жолу жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандыгы үчүн венгер элине ыраазычылык билдирип, бул Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесин урматтоонун дагы бир белгиси экенин белгиледи.

"Мен Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун ысымын, анын чыгармачылыгын жана талантын терең урматташкандыгына күбө болдум. Кайда гана барбайын, сүйлөшүүлөрдө биздин Айтматовду ар дайым сый-урмат менен эскеришет", — деди Жээнбеков.

Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды

Мамлекет башчысы ушул күнгө чейин Чыңгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулганын жана учурунда ал Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени — Офицердик крест менен сыйланганын белгиледи.

Мамлекет башчысы жана Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка дарактарды отургузушту.

Ушул эле жерден Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен кыскача баарлашты. Ал иш сапарынын жыйынтыктары, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер үчүн билим алуу квоталарын көбөйтүү тууралуу макулдашуу жана Бишкек менен Будапешттин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландары жөнүндө айтып берди.

22
Белгилер:
иш сапар, Венгрия, парк, сквер, Сооронбай Жээнбеков, Чыңгыз Айтматов
Тема боюнча
Гимндер жаңырып... Жээнбеков Венгрияда премьер Орбан менен расмий жолукту
Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды
Женевадагы БУУнун имараты. Архивдик сүрөт

БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы эрегиш боюнча билдирүү жасады

0
(жаңыланган 10:10 30.09.2020)
Коопсуздук кеңеш Армения менен Азербайжанды тез арада тирешүүнү токтотуп, алдын ала шарт койбой сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырды.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабахтагы жаңжалдын айланасында ири масштабдуу согуштук аракеттер жөнүндө билдирүүлөр айтылып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы Абду Абарри кеңештин мүчөлөрү талкуунун жыйынтыгында ушундай чечимге келгенин айткан.

"Алар (Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү — ред.) күч колдонулушун катуу айыптап, адамдардын набыт болушуна өкүнүүсүн билдиришти", — деп айткан Абарри.

Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

Коопсуздук кеңеш Армения менен Азербайжанды тез арада эрегишүүнү токтотуп, алдын ала шарт койбой сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырды. Ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында толук колдоо боло турганын билдирген.

Карабахтагы жаңжал

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдуу облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Кыргызстан өз позициясын айтып, эки тарапты тең тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө чакырды. Аны менен катар маселени чечүү жолун издөөгө көмөктөшүү үчүн даярдыгын билдирди.

0
Белгилер:
Жаңжал, Азербайжан, Армения, Тоолуу Карабах
Тема боюнча
Тоолуу Карабах: Азербайжан менен Армения согушту токтотуп, кепке келеби. Видео
ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү