Жаанчыл болобу? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровОсень в Бишкеке
Осень в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-сентябрь, жекшемби күнү, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан жаашы мүмкүн. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында жаан карга айланышы ыктымал.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ишемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болсо, жекшембиде жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

5-сентябрь, ишемби күнү, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, жаан жаашы мүмкүн. Ал эми дыйканчылык аймактарында жана Таласта күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 5-сентябрь күнү жана 6-сентябрь түнкүсүн жаан жаабайт.

Ак-Сай жайлоосуна малчылар жакага түшө электе кар жаап салды. Видео

Ишембиде Ысык-Көл, Нарында да күн жылуу болот. Чолпон-Ата, Каракол шаарларында жамгыр жаабай турганы айтылды.

Дем алыш күндөрү Бишкекте аба ырайы жылуу болот.

6-сентябрь, жекшемби күнү, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан жаашы мүмкүн. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында жаан карга айланышы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0