Тоо этегиндеги айыл. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

131
(жаңыланган 21:03 04.09.2020)
Синоптиктер 5-сентябрда түнкүсүн жамгыр жаабай турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ишемби күнү, 5-сентябрда, күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Ысык-Көлдө өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлеринде кар жаайт. Калган облустардын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас өрөөнүндө +23…+28, Ош, Жалал-Абад облустарында +26…+31, Баткенде +27...+32, Ысык-Көл жергесинде +19...+24, ал эми Нарында +20…+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +27...+29, Ошто +26...+28 градуска жетет.

131
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жаанчыл болобу? Дем алыш күндөргө карата аба ырайы
Суук түшпөйбү? Күздүн биринчи айы сентябрга карата аба ырайы
Кыргызстан Россия желектери. Архивдик сурөт

Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды

30
(жаңыланган 15:59 22.09.2020)
Жыйындын алдында комиссиянын теңтөрагасы, Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчуктун КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуусу болгон.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны башталды.

Анын алдында аталган комиссиянын теңтөрагасы, Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчуктун КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуусу болгон.

Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти

Мындан тышкары, Оверчук вице-премьер Эркин Асрандиев менен кезигип, бир катар экономикалык маселелер талкууланган.

Бүгүнкү кеңешмеде жыйынтыктоочу протоколго кол коюлуп, аягында өкмөт мүчөлөрү ЖМКга маалымат берет.

30
Белгилер:
жыйын, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти
Светофор орнотуу. Архивдик сүрөт

Бишкекке жаңы светофорлор орнотулат. Даректери

22
(жаңыланган 15:43 22.09.2020)
Светофорлор орнотула турган жол кесилиштери комиссия аркылуу тандалды. Мында шаардыктардын дагы ою эске алынган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгы сегиз жерге светофор орнотуу үчүн тендер жарыялады.

Муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жаңы жол чырактарга 4 миллион 874 миң 765 сом каралган. Тендердин жеңүүчүсү 28-сентябрда аныкталат.

Светофорлор коюла турган кесилиштер:

  • Профсоюз менен Мессарошанын кесилиши;
  • Профсоюз менен Кайназарова;
  • Дэн Сяопин менен Кустанай;
  • Алтымышев менен Асаналиев;
  • Токтогул менен Гоголь;
  • Токтогул менен Шопоков;
  • Жукеев-Пудовкин менен Саманчин;
  • Юнусалиев көчөсүндөгү жөө адамдар өтө турган чийинге орнотулат ("Мега ситинин" маңдайы).

Светофорлор орнотула турган жол кесилиштери комиссия аркылуу тандалды. Мында шаардыктардын дагы ою эске алынган.

22
Белгилер:
дарек, светофор, жол чырак, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Жол кесилиштеринен өтө албай кыйналып калбаңыз! Айдоочуга кеңештер
Сиэтл Сихокс командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрролл. Архивдик сүрөт

Америка футболунун бет капсыз насаатчысы 100 миң доллар айыпка жыгылды

0
Башкы машыктыруучусунун бет кабы жок болгону үчүн "Сихокс" клубу да айыпка жыгылып, 250 миң доллар төлөмөй болду.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. АКШдагы Улуттук футбол лигасы (УФЛ, америкалык футбол) "Сиэтл Сихокс" командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрроллго бет капсыз жүргөнү үчүн 100 миң доллар айып салды. Бул тууралуу аталган спорттук уюмдун сайтында айтылганын РИА Новости жазды.

Насаатчы өз командасы "Нью-Ингленд Пэтриотс" клубун кабыл алган оюнда бет кап тагынган эмес. Беттеш жекшемби күнү Сиэтл шаарында өтүп, талаа ээлери 35:30 эсебинде утуп алышкан. Башкы машыктыруучусунун бет кабы жок болгону үчүн "Сихокс" клубу да айыпка жыгылып, 250 миң доллар төлөмөй болду.

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

Жекшемби күндөгү оюндарда бет капсыз иштегендиги үчүн башкы машыктыруучулар Кайл Шэнахен ("Сан-Франциско Форти Найнерс" клубу), Вик Фанхио ("Денвер Бронкос"клубу) жана алардын клубдарына ушундай эле өлчөмдөгү айып салынган.

0
Белгилер:
жаза, айып, бет кап, Америка
Тема боюнча
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн